Баткен: Зардалы айылына барчу жолдун курулуш иштери аяктады
- 15 просм.
Баткен облусунун Зардалы айылына барчу Сары-Талаа-Кызыл-Таш-Зардалы жолунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.
Аталган жолго узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулду.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы