mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бүгүн, 26-декабрь саат 13:00дөн тарта Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Сосновка постунан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

№9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кар тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерип жүргүзүлүүдө.

Урматтуу Айдоочулар!

Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү унутпаңыз!

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы