Министрлик балдарга жаңы-жылдык маанай тартуулады
- 55 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин тапшырмасынын негизинде Талас районунун Кум-Арык айылындагы Талас атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин тарбиялануучуларына жаңы жылдык белек тапшырылды.
Аталган жатак мектепте 1-9-класска чейинки курактагы мүмкүнчүлүгү чектелген 117 бала тарбияланат. Бул мекеме Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин камкордугуна алынгандыгына байланыштуу министрлик мүмкүнчүлүгүнө жараша колдоп келет.
Бул ирет дагы Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин жеке демилгеси жана министрликтин эмгек жамаатынын колдоосу аркылуу жаңы жылдык белектер жатак мектепте билим алган балдар, кыздарга тапшырылып, аларга майрамдык маанай тартууланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы