Транспорт жана коммуникациялар министри курултайдын делегаттарын кабыл алып, суроо-талабын угууда
- 9 просм.
Бүгүн, 24-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абасаттар Сыргабаев IV Элдик Курултайдын делегаттарын кабыл алып, суроо-талабын угууда.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында өтүп жаткан иш-чарага өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан шайланган делегат келген.
Алардын суроо-талабын угуу максатында театрдын фойесинде атайын аянтча уюштурулган.
Ведомство жетекчиси менен биргеликте делегаттардын кайрылуу, суроолоруна Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев жана министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери ыкчам жооп берүүдө.
Мындан тышкары, министрликтин өкүлдөрү бардык келип түшкөн кайрылууларды каттап, тиешелүү жоопторду беришет.
Белгилей кетсек, IV Элдик Курултай Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 25-26-декабрь күндөрү өтөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы