Элдик Курултай: Министрликке делегаттардан 237 кайрылуу түштү
- 11 просм.
Бүгүн, 24-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыскы аймактардан келген делегаттардын суроо-талабын угуп, жол-транспорт тармагына байланыштуу кайрылууну катташты.
Министр Абсаттар Сыргабаев баштаган ведомствонун өкүлдөрү бардык суроолорго ыкчам жооп беришти.
Азыркы тапта министрликке жол тармагына байланыштуу 237 кайрылуу келип түштү.
Белгилей кетсек, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында өтүп жаткан иш-чарага өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан шайланган делегат келген. Алардын суроо-талабын угуу максатында театрдын фойесинде атайын аянтча уюштурулган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы