mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кыргыз Республикасы ТРАСЕКАнын көп тараптуу уруксаттар системасына кошулду

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Европа–Кавказ–Азия транспорт коридорунун (ТРАСЕКА) көп тараптуу уруксаттар системасына кошулуу боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду аяктады.
ТРАСЕКА уруксаты берилген ташуучуга маршрут өтүүчү ТРАСЕКА уруксаттар системасына катышкан бардык өлкөлөрдүн аймактары аркылуу жүк ташууларды жүргүзүүгө укук берет жана аталган системага катышкан айрым мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн эл аралык автомобиль ташуулары боюнча тиешелүү эки тараптуу макулдашууларда каралган уруксаттарды алуунун зарылдыгынан бошотот.
ТРАСЕКА уруксаты бир жолку болуп саналат (бир жолу колдонууга арналган) жана жүк менен же жүксүз, түз жана кайра багытта бир айлампа сапардын алкагында каттамды аткарууга укук берет. Мында ТРАСЕКА уруксаттар системасына катышкан кайсы болбосун өлкөгө кирип чыгуулардын саны эки жолудан ашпоого тийиш.
ТРАСЕКА уруксаты универсалдуу болуп эсептелет жана эки тараптуу, транзиттик, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн ташууларды жана алардын айкалышкан түрлөрүн жүзөгө ашырууда колдонулушу мүмкүн.
Мындан ары Кыргыз Республикасынын эл аралык автомобиль ташуучулары ТРАСЕКАнын бирдиктүү көп тараптуу уруксатын колдонуу менен транзиттик, эки тараптуу, ошондой эле Арменияга, Грузияга, Молдовага, Румынияга, Түркияга жана Украинага жүк ташууларды жүргүзүү боюнча кошумча мүмкүнчүлүккө ээ болушат.
Бул Кыргыз Республикасынын эл аралык ташуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, кыргыз товарларынын Европа, Түркия жана Кара деңиз аймагындагы рынокторго чыгышын жеңилдетет жана транспорттук чыгымдарды жана жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу экспорттун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.