Каракол — Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
- 24 просм.
Бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Азыркы тапта аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү жолдун 76-81-82-чакырымдар аралыгына 6 жерден түшкөн. Кошумча маалымат берилет.
Учурда Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы