mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кыргызстандын деңизге чыгуу жолдору талкууланган семинар өттү

Бишкекте «Маалыматтардан саясатка чейин: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө соода жана транспорт чыгымдарын талдоону күчөтүү» деген аталыштагы улуттук семинар өттү. Иш-чараны Транспорт жана коммуникация министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана Кичи арал өнүгүп келе жаткан мамлекеттер боюнча Жогорку өкүлүнүн кеңсеси менен биргеликте уюштурган.

Семинардын максаты макродеңгээлдеги куралдар боюнча окутууну практикалык ыкмалар менен, анын ичинде убакыттын баасынын аралыгы модели жана чек аранын натыйжалуулук индекси менен айкалыштыруу аркылуу соода жана транспорт чыгымдарын баалоо көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев өз сөзүндө Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкө катары соодага таасир этүүчү татаал структуралык чектөөлөргө туш болуп жатканын, бул экспорттун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө, импорттун чыгымдарына жана экономикалык өнүгүүнүн ылдамдыгына түздөн-түз таасир этерин белгиледи.

Бекжан Рысмендеев деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр үчүн туруктуу транзиттик чөйрө маанилүү экенин белгиледи. Биз жүк ташууларды санариптештирүүнү активдүү колдойбуз: электрондук пломбалар, электрондук коштоочу документтер, бажы системаларын интеграциялоо жана бирдиктүү терезе системасы. Мунун баары чыгымдарды азайтып, сооданын ылдамдыгын жогорулатат. Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан каттамын, ошондой эле Каспий деңизине жана Европа өлкөлөрүнө чыгуучу коридорлорду кошо алганда, жолдорду, темир жол коридорлорун жана мультимодалдык логистикалык хабдарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасайт-деди Рысмендеев.

Семинарга мамлекеттик органдардын, университеттердин, бейөкмөт уюмдардын жана жүк ташуучу ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы