Кара-Балта-Чалдовар жолуна гранттык каражат бөлүнөт
- 257 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча инвесторлор форумуна катышты.
Транспорт жаатында кызматташууну бекемдөө, ортодогу алаканы арттырууга салмактуу салым кошкон аянтчада министрдин орун басары Бекназар Базаралиев сөз сүйлөп, алгач иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп, чакыруу жөнөткөн Европа Биримдигине жана Өзбекстан Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.
Ал Кыргызстан үчүн Транскаспий транспорт коридорун өнүктүрүү — эл аралык жана региондук байланышты бекемдөөгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө түздөн-түз байланышкан стратегиялык багыттардын бири болуп саналарын белгилеп, өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын жаңыртуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө эл аралык донорлор да маанилүү салым кошуп жатканын белгилеп, алардын негизги өнөктөштөрүнүн бири Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) болуп саналарын баса белгиледи. Форумдун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Европа Биримдиги ортосунда «Кара-Балта – Чалдовар» автожолун реконструкциялоо долбоору үчүн 15 миллион евро өлчөмүндө грант жана техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.
Форумдун алкагында Бекназар Базаралиев Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло жана Чехиянын транспорт министри Мартин Купка менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар транспорт тармагындагы өз ара кызматташтыкты тереңдетүү, инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү, логистика жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы