mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министрдин орун басары Бекназар Базаралиев Австриянын финансы министринин орун басары менен жолукту

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Австриянын Финансы министринин орун басары Андреас Райххард башында турган австриялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.

Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматтташуу жана мындан ары аракеттенүү маселелери талкууланды. Өзгөчө басым транспорт тармагын санариптештирүү жаатындагы кызматташтыкты карап чыгууга багытталды.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев министрлик ар дайым көп тараптуу мамилелерге, учурдагы келишимдерди бекемдөөгө жана илгерилетүүгө ачык экенине жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ар кандай жаңы демилгелерди кубаттай тургандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге, транспорттук процесстерди санариптештирүүгө, товарларды ташуу үчүн электрондук документтер жаатындагы тажрыйбасына, ошондой эле Европа Биримдигинде электрондук башкаруу жана кызматтарды көрсөтүү менен транспорттук процесстерди автоматташтырылган башкаруунун интеграцияланган системасын түзүү жаатындагы Австрия Республикасынын тажрыйбасына кызыгып жаткандыгын маалымдады.

Жолугушуу жылуу маанайда, конструктивдүү жагдайда жыйынтыкталып, тараптар мындан ары тыгыз кызматташтыкты улантууга ишенимин билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы