Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолу: Асфальт төшөө иштери кызуу уланууда
- 159 просм.
Бишкек–Күнтуу–Шопоков автожолунда реконструкциялоо боюнча пландалган иштер кызуу уланууда.
Бүгүнкү күндө Бишкек–Күнтуу багытындагы жолдун сол тарабына бир тараптуу асфальт төшөлүүдө.
Ошондой эле, калган тилкеде асфальтка чейинки жумуштар жүрүп жатат.
Мындан тышкары, көпүрөнү оңдоо жана бордюр орнотуу иштери аткарылууда.
Белгилей кетсек, аталган жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы