mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Сыргабаев Өзбекстанда өтүп жаткан II эл аралык транспорттук-логистикалык бизнес форумга катышууда

11-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ташкент шаарында өтүп жаткан II Эл аралык транспорттук-логистикалык бизнес форумга катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты — транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, аймак аралык байланыштарды чыңдоо жана логистикалык кызматтарды санариптештирүү аркылуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү болуп саналат.

Тегерек столдун жүрүшүндө сөз сүйлөгөн министр Абсаттар Сыргабаев, Кыргызстан аймактык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектке негизделген автоматташтырылган системаларды колдонуу аркылуу эл аралык ташууларды жакшыртууга багыт алганын баса белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыты- өлкө аймагы аркылуу өтүүчү жана эл аралык транспорттук коридорлорго интеграцияланган эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү болуп саналат. Товарларды жеткирүү үчүн альтернативдүү каттамдарды колдонуу, заманбап технологияларды, ошондой эле транспорттук процесстерди автоматташтыруу тутумун жана жасалма интеллектти колдонуу эл аралык ташуучулар үчүн транспорттук өз ара байланышты кыйла жогорулатат. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн өсүшүн камсыз кылат. Мындан тышкары, транзиттик ташуулар үчүн тоскоолдуктарды жоюу, E-Permit жана E-CMR сыяктуу электрондук системаларды киргизүү, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тарифтерди төмөндөтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл”, — деди министр Сыргабаев.

Мындан тышкары, министр өз сөзүндө Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен экономикалык жана транспорттук байланыштарды бекемдөөгө даяр экенин билдирип, бул багыттагы өз ара кызматташууну мындан ары да улантууга чакырды.

Транспорт жана коммуниациялар министрлигинин маалымат кызматы