Нарын: Кында ашуусу жазга чейин жабылды
- 89 просм.
Ат-Башы – Кында – Торугарт автожолунун 65-73-чакырымындагы Кында ашуусу 1-апрелге чейин убактылуу жабылды. Ашуу 2025-жылдын 6-ноябрынан 2026-жылдын 1-апрелине чейин жабык болот.
Ал эми жакынкы күндөрү Калмак-Ашуу ашуусун жабуу пландалууда.
Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Буура жана Сары-Кыр ашуусу жазга дейре жабылган. Чаткал жана Сузак райондорунун акимдеринин буйругуна ылайык, аймакты караган жол тейлөө ишканалары тарабынан тиешелүү жерлерге каттамдардын жабылгандыгын көрсөткөн жол белгилери орнотулган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы