Министрлик журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады
- 40 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады.
Анда ал ЖМКнын коомдук пикирди чагылдыруудагы жана жасалган иш аракеттердин жыйынтыгын калкка кенен жеткирүүдөгү ролун белгилеп, көз карандысыз, кырдаалга калыс баа берүү менен өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жаткан журналисттерге ыраазычылыгын билдирди.
Майрамдык иш-чаранын алкагында министрлик менен тыгыз кызматташып келе жаткан Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Ардак грамота, Ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы