mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

“Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары тарабынан кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жана Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жаап жатат. Министрликке караштуу № 9 жана № 36 Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды себүү, тазалоо иштери жүрүп жатат.

5-ноябрга карата Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып баштоого, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы