Жол жана туризм. Туристтик жайларга жетүү жеңилдеди
- 101 просм.
Кооз жаратылышы менен таанылган Кыргызстанды көрүүгө жайы-кышы ашыккан коноктордун агымын арттыруу максатында туристтик жайларга барчу жолдордун абалы жакшырып жатат.
Атап айтсак, Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолу аркылуу Чар-Кудук жайлоосуна барган жол, “Каракол” тоо лыжа базасына, Арстанбап жаңгак токоюна, Сары-Челек көлүнө жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын жолдору оңдолду.
Учурда Арашан-Чуңкурчак, Жыргалаң, “Ала-Тоо резорт” лыжа базасына жана Кырчын жайлоосуна барган жолдор жасалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы