Транспорт министри Сыргабаев Алайга иш сапары менен барды
- 151 просм.
31-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барды.
Анын алкагында ведомство жетекчиси Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунда жайгашкан кыш мезгилинде техникаларды жана инерттик материалдарды сактоо үчүн курулган аңгарды текшерип барды.
Мындан тышкары, министр «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №960 жол тейлөө мекемесинин жаңы курулуп жаткан имаратынын абалы менен таанышты.
Министр тиешелүү жетекчилерге кышка даярдык иштерин өз убагында аткарылышын камсыздоону тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы