Нарын-Баетов жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү
- 70 просм.
Нарын облусунда жайгашкан Нарын — Баетов жолунун 8-13-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө 1,4 чакырым тилкеге эки тараптуу, 3,3 чакырымга бир тараптуу асфальт басылды. Калган тилкеде жолдун негизи даярдалып, тапталууда.
Ал эми 33-38-чакырымдар аралыгында эски асфальт катмары алынып, жер жумуштары жүрүп жатат. Аталган аймакта салынып жаткан көпүрөнүн курулушу уланууда.
Ага улай, Ак-Талаа районундагы Нарын-Баетов жолунун 84-115-чакырымдар аралыгында асфальт басуу жумуштары башталды. Иш ыргагы ырааты менен уланууда.
115–120-чакырымдар аралыгындагы 3,67 чакырым тилкеде асфальт төшөө иштери толук аяктады.
Кошумчалай кетсек, Нарын — Баетов жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Анын 46 чакырымын оңдоо каралган, жол 2 тилкелүү болот.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы