Эки-Нарын көпүрөсү: Жумуштар күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө
- 57 просм.
Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.
Жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Ошондой эле, курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган.
Бүгүнкү күндө көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталды. Азыркы тапта темир конструкцияларды чогултуу иштери жүрүүдө.
Аталган көпүрөнүн курулушу ырааты менен уланып жатканын белгилейбиз.
Жумушчулар графикке жараша иш алып барууга болгон аракетин жумшап жатышат.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 13-августунда аталган көпүрө жараксыз абалга келип, каттам убактылуу жабылган.
Жарандар убактылуу Сары-Булак – Арчалы – Оруктам жолу аркылуу каттап жатышат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы