Эки-Нарын көпүрөсүнүн курулушу уланууда
- 167 просм.
Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө.
Жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Ошондой эле, курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган. Учурда көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталар алдында турат. Бул этап көпүрөнүн туруктуулугун камсыз кылган негизги конструкция болуп эсептелет.
Алдыда үстүңкү конструкцияларды орнотуу жана жол кыймылын калыбына келтирүү жумуштары аткарылат.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 13-августунда аталган көпүрө жараксыз абалга келип, каттам убактылуу жабылган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы