mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Базар-Коргон-Бешик-Жон жолунун 6 чакырымы асфальтталды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караган Базар-Коргон – Бешик-Жон жолунун 6 чакырымына асфальт төшөлүп, жол сызыктары чийилди.

Айыл аралык каттамдарды жакшыртууга, унаа кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жол курулуш иштери бардык нормаларга ылайык аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы