mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунда асфальт тɵшɵɵ иштери уланууда

Бишкек-Кант-Токмок авто жолунда асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери уланууда.  Азыркы тапта Лермонтов көчөсүнөн Калинина көчөсүнө чейинки бөлүгүндɵ бир тараптуу асфальт тɵшɵɵ иштери жүрүп жатат.   Тактап айтканда аталган жолдун  5+200 -7+200-чакырымдар аралыгында асфальт тɵшɵɵ иштери жүргүзүлүүдɵ.  

Белгилей кетсек, Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунун 5+200-9+050-(3.8км) чакырымдар аралыгын капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалып, долбоордо   жолдун эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай, жарыктандыруу жана башка иштер каралган.

Эске салсак, буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунда жүрүп жаткан оңдоо иштеринен кабар алып, жарандардан көптөгөн нааразы пикирлер келип түшкөнүн белгилөө менен асфальт басуу жумуштарын тездетүүнү тапшырган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы