Жийделик – Ак-Кыя автожолунун 11,3 чакырымы толук асфальтталды (видео)
- 90 просм.
Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Жийделик – Ак-Кыя автожолунун 11,3 чакырымына асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Аталган иштер Капиталдык салымдар беренесинин каражаттарынын эсебинен аткарылды.
Жол оңдоо учурунда кууш тилкелер жоюлуп, туурасы кеңейтилди.
Белгилей кетсек, 2 тилкелүү Жийделик – Ак-Кыя автожолунун жалпы узундугу 11,3 км түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы