Чүй облусунда жол куруу жана оңдоо иштери активдүү жүрүп жатат
- 143 просм.
Бүгүнкү күндө Чүй облусунун аймагында мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин жана 2025-жылдын титулдук тизмесинин алкагында төмөнкү жол тилкелеринде иштер жүргүзүлүүдө:
Петровка – Нарзанные- Источники унаа жолунун 3 чакырым жолуна асфальт төшөө иштери аяктап, учурда жол чийиндери чийилүүдө.
Кемин районундагы Чүй көпүрөсү – Бейшеке – Боролдой унаа жолунун 1,4 чакырымдык бөлүгүндө асфальттоо иштери толук бүткөрүлдү.
Көк-Жар – Орто-Сай унаа жолунун 1,5 чакырым аралыгы пландалып, 600 метр бир тараптуу асфальт басылды. Иштер уланууда.
Таш-Дөбө – Чокморова жолунун планга коюлган участогу асфальтталып, бүгүн толук аякташы күтүлүүдө.
Жайыл районундагы Калининское – Степное унаа жолунун 3 чакырым бөлүгү планда каралып, 1,5 чакырымы асфальтталып, иштер кызуу жүрүүдө.
Манас – Камышановка унаа жолунун 3 чакырымдык бөлүгүндө эски асфальт сыйрылып, жол негизги даярдалып, асфальт төшөө иштери башталды.
Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда жол кеңейтүү, бак-дарактарды кыюу жана айрым тилкелерде жолдун негизин даярдоо иштери уланууда.
Мындан тышкары, жол тегиздɵɵ, жол чийиндерин чийүү, жол жээгин иретке келтирүү, эскирген жол белгилерди алмаштыруу жана убактылуу кароо иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы