mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

ТЕЛЬМАН-КАРА-КОЙ ЖОЛУ ТОЛУГУ МЕНЕН АСФАЛЬТТАЛАТ

Ноокат районундагы Тельман–Кара-Кой автожолунун 9- 25 чакырымдар аралыгында асфальт тɵшɵɵ иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндɵ планга коюл 16 чакырымдын 4 чакырымына асфальт тɵшɵлүп бүттү. Учурда калган жол тилкелеринде жол негизи даярдалып асфальт иши улантылууда.

Эске салсак, аталган жолдун курулушун Министр А. Сыргабаев жеринен кɵзɵмɵлдɵп, №37 жол тейлɵɵ ишканасына мɵɵнɵтүнɵ жана сапатына кɵңүл буруу талабын койгон.

Жаратылыш паркына барган жалгыз гана жол болгондуктан, айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында асфальт тɵшɵɵ иштери бир тараптуу жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы