«Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км» долбоорунда иштери кызуу жүрүүдө
- 208 просм.
Суусамыр — Талас — Тараз автожолун IV фазасын реконструкциялоо иштери башталып, подрядчы тарабынан жол курууга керектүү техникалар камсыздалды.
Учурдагы иштердин алкагында жол жээгин тегиздөө, кеңейтүү, суу түтүктөрүн жылдыруу, бетон электр мамычаларын демонтаждоо иштери уланууда.
Жеринде 80ден ашык атайын техника (жумушчу жана техниканын саны күндɵ кɵбɵйүүдɵ) 65 жумушчу иш алып барууда. Долбоордун алкагында, 2 асфальт-бетон завод, 1 бетон завод, 2 таш талкалоочу жабдыкты орнотуу иштери жүрүүдɵ.
Жалпысынан реконструкция боло турган жолдун узундугу — 93 чакырым. Талас шаарынан башталып “Кичи-Капка” кɵзɵмɵл пунктуна чейин барат. Курулуш иштери 2025–2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Долбоордун кепилдик мөөнөтү — 5 жыл.
Долбоордо 6 кɵпүрɵнү реконструкциялоо, 1 жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Жолдун учурдагы III техникалык категориясы II техникалык категорияга чейин көтөрүлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы



