Төө-Ашуудагы тоннелдин айланасын оңдоп –түзɵɵгɵ даярдык иштери башталды
- 115 просм.
Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштери активдүү башталды. Учурда аталган тилкеде подрядчы компания тарабынан атайын техникалар тартылып, жер негизин даярдоо иштери активдүү жүрүүдө. Ал эми айдоочуларга убактылуу ыңгайлуу шарт түзүү үчүн аталган участокто аң-чонɵктөрдү жамоо иштери аткарылууда.
Бишкек — Ош авто жолунун аталган тилкесин капиталдык оңдоо долбоорунда тоннелдин кире беришине авто унаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ тартуу зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.
Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында айтылган мɵɵнɵттɵ тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө иштери толук бүткөрүлмɵкчү.
Министрликтин маалымат кызматы