Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдер аркылуу өтүү үчүн жыйымдарды төлөө тартиби жөнүндө
- 91 просм.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 229 токтому менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 “Бишкек-Ош автомобиль жолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдын өлчөмүн жана төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилген.
Тактап айтканда, жыйым төлөөдөн бошотулган транспорт каражаттарынын тизмеси келтирилген. Ага ошондой эле түздөн-түз айыл чарба продукциясын өндүрүүчү тарабынан өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын ташуучу, жашаган жери жана жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө маалыматты камтыган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалымкатын көрсөткөн транспорт каражаттары кирген (10 п. 11 пп).
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аталган норма (10 п. 11 пп) ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин резиденттерине карата колдонуларын билдирет.