Барскоон-Каракол автожолунун 75 чакырымы реконструкцияланат. Курулуш иштерине старт берилди
- 358 просм.
Бүгүн, 13-июнда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон — Каракол автожолун реконструкциялоого старт берилди.
Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, жергиликтүү тургундар катышты.
Министр Сыргабаев бул долбоор — Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам экенин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.
“Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, Ысык-Көл айланма жолунун жалпы узундугу 440 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө дээрлик 365 чакырымды түзгөн участокторунда каржы булактары аныкталып, 333 чакырымында реконструкция иштери жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен бул долбоордук участокту каржылоо маселеси чечилип, бүгүнкү күндө курулуш иштери башталганы турат. Долбоор — Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам. II техникалык категорияга ылайык иштелип чыгып, учурдагы эки тилкелүү жол төрт тилкелүү болуп кеңеет. Ошондой эле, тротуарларды, жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөрдү, көпүрөлөрдү реконструкциялоо, лотокторду куруу жана калктуу конуштарда көчөлөрдү жарыктандыруу каралган.
Мындан сырткары, аталган долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жол шарттарын түзөт. Туризмди өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүшкө өбөлгө болот. Ысык-Көлгө жыл сайын миңдеген туристтер келет, алардын арасында чет элдик коноктордун саны да артып жатат. Бирок азыркыга чейин түштүк жээктеги жолдордун сапаты биздин туризмдин өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей келген. Бул жолдун реконструкциясы — курорттук аймактардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, эс алуучулардын агымын көбөйтөт. Башкы подрядчы катары Борбор Азияда жана башка көптөгөн мамлекеттерде ири жолдорду жана көпүрөлөрдү куруп, өзүнүн ишенимдүүлүгүн далилдеген Кытайдын “Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн” компаниясы тандалды”,-деди министр Сыргабаев.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141–216-чакырымдагы, узундугу 75 чакырым болгон тилкеси реконструкцияланат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы








