mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Баетов-Макмал унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө

2025-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов – Макмал унаа жолунун 22,5-27,5-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө. «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын № 15 Жол тейлөө ишканасы тарабынан азыркы тапта 1,5 чакырым жол жасалды.

Аны менен катар жер алдындагы суулардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу максатында суу өткөрүүчү түтүкчөлөр да жаңыланып жатат.

Курулуш иштери бардык жол салуу нормаларына ылайык аткарылып, Баетов – Макмал багытындагы кыймылды жакшыртуу жана жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жеңилдетүү максатында жүргүзүлүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы