Баткендеги Таш-Дөбө-Халмион жолунун 3 чакырымы асфальтталды
- 53 просм.
Баткен облусундагы Таш Дөбө – Халмион унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады.Асфальт төшөө №46 жол тейлөө ишканасы тарабынан техникалык талаптарга ылайык аткарылды.
Белгилей кетсек, жол оңдоо иштери аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы