Талас району: Чат-Базар-Арал-Талды-Булак жолуна асфальт төшөлүүдө
- 60 просм.
Талас районундагы Чат-Базар-Арал-Талды-Булак унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине карашуу № 36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.
Быйыл Чат-Базар-Арал-Талды Булак жолунун 12-14-чакырымдар аралыгын асфальттоо пландалган. Жумуштар белгиленген графикке жана бардык жол куруу нормаларына ылайык жасалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


