mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда жол сызыктары жаңыланууда

Эл аралык маанидеги Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда жол сызыктарын жаңылоо иштери жүрүүдө. Азыркы тапта министрликке караштуу № 10 Жол тейлөө ишканасы тарабынан (ЖТИ) 137-178-чакырымдар аралыгында жол чийиндери жаңыртылып, иш дээрлик 80%га аяктады.

Белгилей кетсек, бул жумуштар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт.

Жол сызыктарын чийүү иштери № 34 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 60-90-чакырымдар аралыгында да активдүү жүрүүдө. Ал эми № 32 ЖТИнин кызматкерлери 90-чакырымдан 137-чакырымга чейин термопластик менен чийип, бул тилкедеги негизги иштерди жыйынтыктады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы