Сузак-Каду жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө
- 142 просм.
“Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №52 Жол тейлөө мекемеси тарабынан Сузак – Каду жолунун 30-чакырымынан 35-чакырымына чейинки бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Союз мезгилинен бери оңдоодон өтпөгөн бул жолдун туурасы да кеңейтилди. Жол курулуш иштери бекитилген графикке ылайык, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен жасалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы