Түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кантты байланыштырган унаа жолго асфальт төшөлүүдө
- 153 просм.
Чүй облусунда түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кант жолун байланыштырган (Подъездная дорога к г. Бишкек) унаа жолдо асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан аткарылып жатат.
Жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн бул жолго 7 см калыңдыктагы асфальт катмары төшөлүп, анын астына геосетка коюлууда. Азыркы тапта 3,5 чакырым аралык жасалып бүттү. Жолчулар тарабынан иш ыргагы белгиленген графикке ылайык уланып, сапатына өзгөчө басым жасоо менен жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, бул жумуштар борбор калаанын айланасындагы альтернативдүү маршруттарды жакшыртууга, тыгындарды азайтууга, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүгө жана жалпы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Маалымат иретинде: Аталган жол Бишкек шаарынын кире беришинде жайгашып, түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кант жолун байланыштырат (Лебединовка-ГЭС 5 жолуна параллелдүү турат).
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы