mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

19-майдан тарта оор жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилгенин эске салабыз!

Салынган жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында 2025-жылдын 19-майынан 1-сентябрына чейин абанын күндүзгү температурасы 28ºС жана андан жогору болгон учурда болжол менен эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилгенин эске салабыз.
Мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат.
Бул чектөө:
Жүргүнчү ташыган;
Гуманитардык жардамды ташыган;
Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган;
Берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган;
Жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан киргизилген чектөөнүн сакталышы көзөмөлгө алынып, түшүндүрүү иштери менен текшерүү иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын билдиребиз.

Урматтуу айдоочулар!

Ашыкча жүк жүктөгөндөн алыс болуп, жолдун сапатын сактоого салымыбызды кошолу!

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы