mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Жалал-Абад – Бек-Абад – Бажы жолунун 6 чакырымы асфальтталат

“Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караган Жалал-Абад – Бек-Абад – Бажы жолунда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Азыркы тапта 0-3-чакырымдар аралыгында жер иштери, жолдун негизин бекемдөө, туурасын кеңейтүү, суу түтүктөрүн орнотуу жумуштары аткарылып жатат. Ошондой эле, жол жээгинде жайгашкан курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда.
Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад – Бек-Абад – Бажы жолунун 6 чакырымына асфальт төшөө каралган.
Жол курулуш иштери белгиленген графикке ылайык, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен жасалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы