Арал-Казарман унаа жолу: Бир тараптуу каттам бар
- 85 просм.
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде бир тараптуу каттам бар.
Белгилей кетсек, кечээ, 2-июнь күнү кечки саат 19:30-20:00 аралыгында жолдун 241-242-чакырымдарында тоо боорунан көчкү түшүп (болжол менен 60 000-70 000 м3), жолду бөгөп калган. Жерине дароо № 24 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылган. Тынымсыз тазалоонун натыйжасында түнкү саат 01:30дар чамасында бир тараптуу каттам берилип, туруп калган унаалар өткөрүлгөн.
Азыркы тапта жолчулар тарабынан тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда.
Ошондой эле, Арал-Казарман жолунун 243-296-чакырымдар аралыгында тоо боорунан кулаган таштарды тазалоо иштери № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы