mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Министр Сыргабаев Чолпон-Атанын борбордук көчөсүн оңдоо иштерин жеринен көзөмөлдөдү

2-июнда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды.
Министр жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жай жана тротуар куруу иштерин жеринен көзөмөлдөдү.

Учурда асфальт басуу иштери соңуна чыгып, долбоордо каралган суу түтүктөрдү орнотуу, жол четине лотокторду жана бордюр таштарды коюу иштери кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Чолпон-Ата шаарына бир нече ирет барып, оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерүү менен жайкы сезонго чейин асфальт төшөө жумуштарын аягына чыгарууну тапшырган. Эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары, андан соң 6 см (ШМА) калыңдыктагы асфальттын жогорку катмары төшөлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы