mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

«Асфальт июндун ортосуна чейин төшөлсүн!». Министр Бишкек-Кант жолун күтүүсүз текшерип барды

Бүгүн, 2-июнда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунда жүрүп жаткан оңдоо иштерин күтүүсүз текшерип барды.
Текшерүүнүн негизги максаты – курулуш иштеринин сапатын, мөөнөтүн жана калктын даттанууларын жеке көзөмөлүнө алуу.

Жеринде подрядчы компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн ведомство жетекчиси оңдоо иштерине байланыштуу жарандардан көптөгөн нааразы пикирлер келип түшкөнүн баса белгилеп, графиктен кечигүү болбошу керектигин талап кылды.

Ошондой эле Сыргабаев июнь айынын ортосуна чейин асфальттын биринчи катмарын төшөөнү тапшырды.

Азыркы тапта Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунун 5+200-9+050 чакырымдар аралыгында (Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгү) асфальт төшөөгө жолдун негизин даярдоо жумуштары жүрүүдө.

Кошумчалай кетсек, алдыда Бишкек-Кант-Токмок унаа жолу этап-этабы менен оңдолот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы