mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Новопокровка айылындагы көпүрө жеңил унаалар үчүн ачылды

Новопокровка-Сары-Жон унаа жолундагы Чоң Чүй каналынан өткөн көпүрө калыбына келтирилип, кечээ, 21-май күнү 20:30-21:00дор чамасында жеңил унаалар үчүн колдонууга берилди.

Эске салсак, 3-майда кечки саат 17:00-18:00 ортосунда көпүрөнүн бир тилкеси жараксыз абалга келип, каттам убактылуу токтотулган.

Калыбына келтирүү иштери дароо башталып, алгач изилдөө жумуштары жүргүзүлгөн. Андан соң көпүрөнүн бузулган бөлүгү жаңыртылып, конструкциясы бекемделди. Асфальт төшөө иштери жыйынтыкталган соң, каттам жеңил унаалар үчүн гана берилди.

Ал эми жаңы көпүрөнүн долбоору бүткөрүлүп, курулуш иштери аяктагандан кийин жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө уруксат берилет.

Оңдоо иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №43 Жол тейлөө мекемеси тарабынан аткарылды. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы