mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Чолпон-Атанын борбордук көчөсүн оңдоо иштери кайсы баскычта? ЖМК өкүлдөрүнө пресс-тур уюштурулду

Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата-Корумду унаа жолуна пресс-тур уюштурулуп, Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү жолдун 77,5-81,4-чакырымдар аралыгында (Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүндө) жүрүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү жеринен менен таанышты.

29-апрелге белгиленген иш-чаранын жүрүшүндө ЖМК өкүлдөрүнө буга чейинки аткарылган иштер жана алдыда жасала турчу жумуштар жөнүндө кеңири маалымат берилди.

Эске салсак, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Чолпон-Ата шаарына бир нече ирет барып, оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерүү менен жайкы сезонго чейин асфальт төшөө жумуштарын аягына чыгарууну тапшырган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы