mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Барскоон — Каракол автожолунун 75 чакырымдык бөлүгүн реконструкциялоо боюнча контрактка кол коюлду

28-апрелде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б.Базаралиев тарабынан, генералдык подрядчы катары “Чайна Роуд энд Бридж Корп.” (КЭР) компаниясы менен “Ысык-Көл шакек автожолун, Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141–216-чакырымдагы, узундугу 75 чакырым болгон участогун жакшыртуу долбоору” боюнча контрактка кол коюлду. Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынан каржылык колдоонун негизинде ишке ашырылууда.

Долбоорго ылайык, учурдагы эки тилкелүү жол төрт тилкеге чейин кеңейтилет жана ортодо бөлгүч тосмолор орнотулат. Ошондой эле долбоордо тротуарларды, автобус токтоочу жайларды, жөө жүргүнчүлөр үчүн жертөлө өтмөктөрүн куруу, калктуу конуштарда көчө жарыгын орнотуу, көпүрөлөрдү реконструкциялоо жана арык лотокторун куруу каралган.

Генералдык подрядчыга кыска мөөнөттүн ичинде базаларды, карьерлерди даярдоо жана долбоор участогуна кызматкерлер менен атайын техникаларды мобилизациялоо иштерин баштоо тапшырмасы берилди. Курулуш иштеринин башталышы ушул жылдын май  айынын аягына  пландаштырылууда.

Министрликтин маалымат кызматы