mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт департаменти: Эки күндүк семинар жыйынтыкталды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлерине тахографтарды колдонуу жана иштөө тартиби боюнча уюштурулган 2 күндүк семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды. Эл аралык автомобиль ташуучулар ассоциациясы тарабынан өткөрүлгөн иш-чарага борбордук аппараттын жана аймактык башкармалыктардын жалпы 33 кызматкери катышты.

Семинардын жүрүшүндө тахографтарды колдонуу, айдоочулардын иш режимин көзөмөлдөө тартиби жана алар менен иштөөнүн бардык аспектилери тааныштырылып, практикалык окуулар өттү. Иш-чаранын соңунда жаңы ыкманы өздөштүрүү деңгээлин баалаган тест алынып, анын жыйынтыгы менен сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, тахограф — бул унаанын ылдамдыгы, басып өткөн жолу жана айдоочунун аракети жөнүндө маалыматты жазуу үчүн орнотулган түзүлүш.

Маалымат үчүн:

2021-жылы Кыргызстан Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна кошулган. (КР 2021-жылдын 22-майындагы №68 Мыйзамы).

ЕСТР макулдашуусун жүзөгө ашыруу максатында, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан алгылыктуу иштер аткарылууда. Алсак, эгер буга чейин эл аралык автомобилдик ташууларды аткарган кыргызстандык айдоочулар тахографтарга чип карталарды чет өлкөлөрдөн алып келишсе, бүгүнкү күндө өлкө аймагынан алууга шарт түзүлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы