mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Жашыл мурас» долбоорунун алкагында жолчулар тарабынан көчөт отургузуу иштери уланууда

“Жашыл Мурас” улуттук долбоорунун алкагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери уланууда.

13-март күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №31 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ) тарабынан Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 39-40-чакырымына көчөт отургузуу иштери аткарылды. Ошондой эле Ноокат-Папан автожолунун 6-7-чакырым аралыгына карагай көчөттөрү отургузулуп жатат.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жол жээгин жашылдандыруу иштери башка аймактарда жүргүзүлүп, жолчулар тарабынан көчөттөр тигилүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы