mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт тармагы: Министрдин орун басары Литва Республикасынын элчиси менен жолукту

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Литва Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Эгидиюс Навикас менен жолукту.

Тараптар транспорт жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде эл аралык автомобилдик ташууларга уруксат бланктарын берүүнү жана колдонууну жеңилдетүү, уруксат кагаздарынын саны, ошондой эле эки өлкө ортосунда автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун кароону тездетүү маселесин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөр жылуу маанайда, конструктивдүү жагдайда жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган жолугушууга Литва Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Гвидас Керушаускас жана министрликтин жооптуу кызматкерлери да катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы