Көңүл буруңуздар! Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, унааларга чектөө киргизилди
- 149 просм.
Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымына кар көчкү түшүп, унааларга чектөө киргизилди(саат 18:30дан тарта, Сосновка постунда).
Азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо, тез арада каттам жандантуу аракети көрүлүүдө.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турганын белгилеп, зарылчылык болбосо алыс жолго чыкпай турууну эскертет.
Кошумча маалымат берилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы