Ашуулардагы абал тууралуу билип алыңыз!
- 21 просм.
Сосновка постунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 12:30да алынды. Ал эми Арал постундагы чектөө ( оор жүк ташуучу унааларга чектөө) азырынча алына элек.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “”Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар. Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы