Бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында 15 көпүрө колдонууга берилди
- 575 просм.
2024-жылы республиканын аймагында 23 көпүрө куруу пландалып, анын ичинен 15и колдонууга берилди. Бүгүнкү күндө дагы 5 көпүрөнүн курулуш иштери уланууда.
Алсак:
- Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы “Абшыр-Сай” көпүрөсү, 43-чакырымында жайгашкан “Чили-Сай” жана 29-чакырымындагы жайгашкан Кыркол-Сай көпүрөлөрү толугу менен жаңыдан курулуп бүткөрүлдү.
- Кочкор—Коммунизм унаа жолунундагы Чу дарыясынан өтүүчү узуну 54 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушу аяктады.
- Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди.
- Москва районундагы №16 түзөтүү колониясынын аймагындагы көпүрө курулуп бүттү.
- Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы көпүрөнүн курулушу аяктады. Аталган көпүрө селден улам жараксыз абалга кептелген. Анын узундугу 31 метрди түзүп, эки тилкелүү болуп салынды.
- Жалал-Абад облусуна караштуу Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди.
- Боспиек-Жергетал-Капчыгай көпүрөсүнүн курулуш иштери 100% аяктады.
- Сузак районундагы Жалал-Абад — Благовещенко унаа жолунун 1-чакырымында жайгашып, Көк-Арт дарыясынан өткөн көпүрө колдонууга берилди.
- Баткен облусунун Халмион айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылындагы көпүрөнүн курулуш иштери аяктады.
- Топ-Жаңгак-Кара-Суу автожолунда жайгашкан көпүрөнүн курулуш аяктады.
- Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди.
- Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак-Арал-Жийде унаа жолунунун 7-чакырымына көпүрө салынды.
- Кайтпас-Өтүкчү унаа жолунун 24,7 чакырымында орун алган көпүрөнү ондоо иштери аяктады.
- Сох – Кан – Зардалы жолундагы көпүрөнүн курулушу аяктады.
- Ошондой эле эл аралык маанидеги Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында орун алган (Үрмарал дарыясы) жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Узундугу 90,5 метр, туурасы 14,8 метрди түзгөн көпүрөнүн жана ага барчу жолдордун курулушу «Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, каражат JICA тарабынан грант түрүндө берилген.
Курулуш иштери уланып жаткан көпүрөлөр:
- Ак-Суу дарыясынан өтчү көпүрөнүн курулушу 80% пайыз аяктап калды.
- Рахманжан-Кара-Булак унаа жолунун 7-чакырымында көпүрө салынып жатат.
- Катраңкы-Кара-Алманын 1,5 чакырымында көпүрө курулууда.
- Нарын — Баетов унаа жолунун 33-38-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу уланууда.
- Дмитриевка-Кара-Алма автоунаа жолунда көпүрө курулууда.
- Кара-Жыгач–Сары-Челек унаа жолунун 3,8 чакырымында көпүрө куруу иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

