Ашуулардагы абал: Карды тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө
- 11 просм.
Бүгүн, 1-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Чыйырчык ашуусунда карды тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.
Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылды. Жол ачык жана каттам бар.
Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы